Биз социалдык тармакта

Зеленский шайлоо маалында ок атууну токтотууну сунуштады

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ талап кылып жаткан президенттик шайлоо өтүп турган убакта ок атышууну токтотуу режимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 11-декабрда "каалоочулардын коалициясы" аттуу онлайн-жыйында сүйлөп жатып айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.

"Биз АКШнын президенти Дональд Трамп менен каалаган форматта иштөөгө даярбыз. Эгер президент Трамп Украинадагы шайлоолор жөнүндө көбүрөөк айтып жатса, мен айткым келет: мүмкүнчүлүк бар жерде биз шайлоо өткөрүүгө аракет кылсак болот. Украина демократиядан качпайт",- деди Зеленский.

Ал шайлоолор коопсуздук камсыздалганда гана мүмкүн болорун белгилеп, мында Америка чоң жардам бере ала тургандыгын белгиледи.

Айта кетсек, Дональд Трамп 9-декабрда Politico басылмасына берген маегинде "Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө убакыт келди" деп билдирген. Зеленский да ошол эле күнү АКШ жана Европа коопсуздукту камсыздап берсе, 60-90 күндүн ичинде шайлоо өткөрүүгө даяр экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан