Биз социалдык тармакта

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы "каармандар" поезд менен жолго аттанышты (видео)

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы "каармандар" жасалма интеллекттин жардамында поезд менен жолго аттанышты. "Үч күндүк жол" деп аталган "Кыргызфильм" студиясынын видеосу интернет желесине тарап, анда Жамиля, Данияр, Дүйшөн, Алтынай, Султанмурат, Асел сыяктуу бир топ каармандарды көрүүгө болот.

Кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын эң таасирдүү жазуучуларынын бири Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болсо быйыл 97 жашка чыкмак. Анын каза болгонуна бүгүн толук 17 жыл болду. Ал кыргыз элине жана дүйнөдөгү китеп сүйүүчүлөргө көптөгөн чыгармаларын мурас кылып таштап кеткен. Улуу жазуучунун эмгектеринин негизинде 30га жакын кино тартылды.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар поезд менен жолго аттанды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан