ЖКда Кытайдан келген тракторлор дыйкандарга 14 пайыздык үстөк менен бериле турганы айтылды
ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 17-декабрдагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков "Айыл Банктын" өкүлүнө кайрылып, Кытайдан алынып келген тракторлорду дыйкандарга канча пайыздык үстөк менен насыяга берип жатканын сурады. Аталган банктын өкүлү Токтобек Акматов "Кытайдан 7 пайыздык үстөк менен алып, элге 13-14 пайыздык үстөк менен берип жатабыз" деп жооп берди. Депутат ошондой эле бул кредиттик насыялардын пайызы боюнча элден ар кандай арыздар түшүп жатканын айтты. Буга Токтобек Акматов "эл кандай эле сизге арыз жазып кайрылат да, бизге кайрылбайт?" деди эле, Эсенгул Исаков "мен элдик депутатмын, сиздин мага минтип суроо бергенге акыңыз жок. Мени кекетип, чычалабай, түз суроого түз жооп бериңиз" деп талашып-тартышып кетти.