Ош шаарындагы Осмонов көчөсүнүн үстүнөн эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору билдирди.
Ага ылайык, аталган эстакадалык көпүрө Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн бириктирет. Аны менен бирге Осмонов көчөсүн Барсбек айлампасынан тарта Касымбеков көчөсүнө чейин кеңейтүү каралган.
Аталган жумуштар Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатат.