Биз социалдык тармакта

Караганды облусунда кафедеги газ баллон жарылып, эки адам каза болду (видео)

Казакстандын Караганды облусунун Мойынты айылындагы кафеде газ баллон жарылып, эки адам каза болуп, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдагандай, куткаруучулар 300 чарчы метр аянттагы өрттү толугу менен өчүрүшкөн. Учурда калдыктарды тазалоо жана өрттүн алдын алуу иштери жүрүүдө.

"Такталган маалымат боюнча, окуянын кесепетинен эки адам каза болуп, жабыркаган он бир адам райондук ооруканага медициналык жардам көрсөтүү үчүн жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка ылайык, газ баллон коопсуздук боюнча талаптардын бузулушунан жарылган.

Карагандыда кафеде өрт чыгып эки адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан