Биз социалдык тармакта

Бишкекте "VML_KG" компаниясынын негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарында "VML_KG" компаниясынын негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул боюнча калаанын Ленин райондук милициясы кабарлады.

Маалым болгондой, учурда "VML_KG" компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө. Милицияга жабырлануучулардан 157 арыз түшүп, каттоого алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөөгө тиешелүү документтер жана компьютердик жабдуулар алынган.

Мыйзамсыз ишке аралашкан деген шек менен ишкананын негиздөөчүсү 1958-жылы туулган С.Р аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция жарандарды кылдат болууга жана «тез» жана «кепилдик» киреше сунуштарына ишенбөөгө чакырат.








Бишкекте "VML_KG" компаниясынын негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан