Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу мекенине кайтты

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу мекенине кайтып келди. Бул тууралуу "Азаттык" Нурмат уулуна таянып жазды.

Анда маалымдалгандай, 11-декабрда Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн, натыйжада анын Кыргызстанга чыгып кетүүсүнө уруксат берилген. Соттук териштирүү уланып жатат. 2026-жылдын январь айынын соңуна белгиленген соттук отурумга Нурмат уулунун адвокаты катышары айтылды.

Белгилей кетсек, ал 9-майда Газиантеп провинциясынын сотунун чечимине ылайык, тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган болчу.

Айта кетсек, ушул жылдын апрель айында “Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Андан соң Стамбул аэропортунан чек арачылар тарабынан кармалганы айтылган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча иш алып барылып жаткандыгын расмий билдирген. Ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине вербалдык нота тапшыргандыгын маалымдаган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан