"Мурас" футболдук турнири: "Президенттин командасы" чейрек финалга чыкты (сүрөттөр)

Бүгүн, 13-декабрда президенти Садыр Жапаров катышкан салттуу "Мурас" достук футбол турниринин биринчи күнү аяктады.

Мелдештин жыйынтыгында "Президенттин командасы" "Аймактар", "Фемида" командаларын утуп, "Элчилер" командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты.

Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Турнир эртең, 14-декабрда уланат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Президенттик администрациянын кызматкерлери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери кирген команданын курамында ойноп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан