Индонезияда селден каза болгон адамдардын саны 1400дөн ашты

Индонезияда селден каза болгондордун саны дээрлик 1441 кишиге жетти. Бул тууралуу 13-декабрда өлкөнүн табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин сайтында жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, табигый кырсыктардан 6 миңден ашуун адам жабыркап, дагы 289 жаран дайынсыз болууда.

Буга чейин селден каза болгондордун саны 1317 адамга жеткени айтылган.

Табигый кырсыкка аймакта ноябрь айынын аягынан бери уланган нөшөрлөгөн жамгыр себеп болгон. Сел турак жайларды, жолдорду жана инфраструктураны бузуп, куткаруучулардын эң көп жабыркаган аймактарга жетүүсүн кыйындаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан