Биз социалдык тармакта

ӨКМ Бишкек-Ош унаа жолундагы кырдаал боюнча маалымат берди

Бишкек–Ош жолунун 144-146-чакырым аралыктарында жол тайгак болгондугуна байланыштуу пайда болгон тыгын 14-декабрда саат 00:34тө толугу менен жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жеринде ӨКМден 37 куткаруучу, 5 техника иш алып барды.
"Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери тыгында калган жарандар менен кайтарым байланышта болуп, аларга жардам көрсөтүп турушту. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж жана №9 ЖТИден 2 атайын техника тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.
Мекеме аталган жолдун 144-146-чакырым аралыктарында жол тайгак болгондугуна байланыштуу унаа тыгыны тууралуу маалымат 112 кыска номуруна түшкөнүн кошумчалады.
ӨКМ Бишкек-Ош унаа жолундагы кырдал боюнча маалымат берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан