Бүгүн, 14-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу «Мурас» достук футбол турниринин экинчи күнүндөгү мелдештер өтүүдө.
Чейрек финалда "Президенттин командасы", “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Президенттик администрациянын кызматкерлери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери кирген команданын курамында ойноп жатат.