Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланды.
Быйыл Ош шаары жаңы жыл майрамын “Түндүк жарыгы” жарманкеси менен тосуп алууда. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду.