Өлкө аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.