Кыргыз көк бөрүчүлөрү учурда Ооганстанда ат оюндарын көрсөтүп жүрүшөт. Анда улакчыларга өзгөчө сый көрсөтүлүп, күйөрмандары өз кызыгууларын айгинелешүүдө.
Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо улакчылар күйөрмандардын курчоосунда калып, берилген суроолорго жооп берип жатышканын көрүүгө болот.
Көк бөрү федерациясы билдиргендей, аталган өлкөгө көк бөрүчүлөр Манас Ниязов, Өмүрбек Эсен уулу, Рустам Тыналиев, Кубаныч Султан уулу, Дастан Русланов, Исхак Бекболот уулу, Аскат Аскаров, Бекказы Токтогулов барган. Мындай алака эки элдин улутттук оюндар аркылуу мамилесин чыңдоого шарт түзөрү айтылды.