Борбор калаага 95 жаңы автобус алынып келди

Бишкек шаарына Кытайдан жаңы 95 автобус жеткирилди. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы келген автобустардын узундугу 12 метрди түзүп, үч эшик менен жабдылган.

"Жай мезгилинде кондиционерлер, ал эми кышында жылытуу системи иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт",- деп билдирди мэрия.

Учурда алардын баары ДЕПО-1дин аймагына жайгаштырылганы айтылды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан