Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев орун басарлары менен биргеликте Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жаңыдан курулуп жаткан жол алдындагы өтмөктөрдүн курулушун жеринде көрүп кайтты.
Вице-мэр Рамиз Алиев билдиргендей, "Ынтымак-Ордо" тарапка мындай бир нече өтмөк курулат.
"Кабатыр болбоңуздар! Дагы бир нечеси болот. Дагы үч жер алдынан өтүүчү жол жасайбыз",- деди Алиев.
Айтматов көчөсүнүн жаңыланган тарабында жолдон өтүү кыйындап, шаар тургундарынын нааразычылыктарын жаратып келет. Жол кырсыктары да катталган. Эми андай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында муниципалитет жер алдынан өтүүчү жолдорду кура баштады.