
Бишкектеги "Азиз" базарындагы чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзөт. Ал эми жабыркагандар катталан эмес.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусуповдун жетекчилигинде 60 өрт өчүрүүчү тартылган. Жалпы 8 күжүрмөн эсеп, 1 дрон жана 3 суу ташуучу унаа иш алып барган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-декабрда эртең менен "Азиз" базарындагы контейнерден өрт чыкканы
кабарланган.