
Ош шаарынын Кең-Сай конушунун тургундарын таза суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында ири масштабдагы инфраструктуралык долбоор ишке ашырылды.
Калаа мэриясы кабарлагандай, Кең-Сайга таза суу берүү иштери 15 жыл мурун башталып, бирок ишке ашпай келген. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен 6 ай ичинде конуштун таза суу маселеси чечилген.
Шаар бийлиги жарыялаган видеодон Токторбаевдин чыгарылган таза суудан кубана ичкенин көрүүгө болот.
"Кең-Сайга суу чыкты, ээй, балдар! Ак-Бууранын суусу, мынакей, таптаза. Тарых болдубу? Болду", - дейт мэр.