Биз социалдык тармакта

Улуттук салттуу кол өнөрчүлүк 15 бөлүктөн турган даректүү тасмада көрсөтүлөт

Эртең, 17-декабрда Бишкек шаарында "Көчмөн кол өнөрчүлүгү" аттуу 15 бөлүктөн турган даректүү тасмалар циклинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, аталган чыгармачыл демилге "Тамчы Тасма" коомдук фонду тарабынан режиссёр Гульнур Канаттын жетекчилиги менен ишке ашырылып, кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүгүн кеңири чагылдырууга багытталган.
"Ар бири 10 мүнөттөн турган тасмаларда боз үй, таар, бешик, сайма, туш кийиз, шырдак, курак, ат жабдыктары, зергерчилик, килем токуу, жыгач жана тери буюмдары, ошондой эле эркек-аялдардын улуттук кийимдери жана баш кийимдери тууралуу баяндалат. Заманбап 3D-заставкалар колдонулуп, мазмун жаш муунга түшүнүктүү жана көркөм форматта сунушталат",- деп белгиленген маалыматта.
Даректүү тасмалар министрликке караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен даярдалды.
Улуттук салттуу кол өнөрчүлүк 15 бөлүктөн турган даректүү тасмада көрсөтүлөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан