Бишкектеги башкы балатыны жандыруу аземине 10 миңден ашуун адам катышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада коопсуздукту камсыз кылууга 1000ден ашуун милиция кызматкери тартылган.
"Балатыны жандыруу аземинин жүрүшүндө ата-энесинен адашып кеткен алты баланы милиция кызматкерлери таап берди. Майрам жалпысынан тынч жана кырсыксыз өттү",- деп билдирди шаардык милиция.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-декабрда борбордогу башкы балатынын оту жанган.