Биз социалдык тармакта

Сасык тумоого байланыштуу 526 мектеп онлайн окууга өттү 

Өлкө аймагында КРВИ жана сасык тумоого байланыштуу 526 мектеп онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Салматтык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы бир жума ичинде 37 миң 629 учур катталып, мурунку жумага салыштырмалуу 11,7 пайызга азайганы байкалган. Ал эми ооругандардын жалпы санынын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
"15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жабылды",- деп билдирди министрлик.
Учурда күн сайын мониторинг жүргүзүү уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан