Биз социалдык тармакта

Оштогу Салижан Жигитов мектебинин айланасындагы мыйзамсыз курулуштар толук тазаланды

Ош шаарындагы Салижан Жигитов мектебинин аймагындагы курулуштар алынган соң айланасын тосуу иштери жүргүзүлдү. Мектептин кире беришине дарбазасы тургузулуп, түнкү жарыктандыруу орнотулганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 16-декабрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетовдун катышуусунда имараттын айланасын тосуу долбоору толук аяктап, тапшырылды.
"Бул долбоорду ишке ашыруу менен окуучулардын коопсуздугун камсыздап, билим берүү мекемесинин инфраструктурасы заманбап талапка ылайык келтирилди. Ага кошумча окуучулардын парта, отургучтарынан тартып калган эмеректер да толугу менен жаңыланып, балдарга ыңгайлуу шарт түзүлдү",- деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан