Биз социалдык тармакта

Орусиялык блогер үй шартында көз жарууну көздөп наристесинен айрылды

Орусиялык белгилүү блогер Айша Чигга жаңы төрөлгөн ымыркайынан айрылып калды. Чет элдик басылмалар билдиргендей, ал үй шартында бассейнде төрөөнү көздөгөн.

Маалым болгондой, бала төрөлгөндөн кийин жарым саат сууда калган. Бирок эсин жоготкон ымыркайды өзүнө келтирүү аракети майнап берген эмес.

Блогер ооруканалардын биринде экендигин билдирип, трагедия тууралуу кайрылуу жасады. Ал учурда катуу психологиялык абалда экенин, көптөгөн коркутууларга кабылганын айтып, бул анын жашоосундагы эң оор учур экенин белгилеген. Ал эми окуя боюнча так маалымат берген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан