Биз социалдык тармакта

Орусияда кыргызстандык жаран полицияга пара берүүгө аракет кылганы үчүн жоопко тартылды

Орусиянын Тверь облусундагы Кыргызстандын жараны полиция кызматкерине пара сунуштаганы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу Тверь облусунун прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, жаран Кимры шаарында транспорт полициясы тарабынан кармалган. Текшерүү маалында анын Орусия аймагында мыйзамсыз жүргөнү аныкталган. Депортациядан кутулуу үчүн полицияга 10 миң рубль өлчөмүндө акча сунуштаган. Бирок кызматкерлер акча алуудан баш тартышкан.

Жыйынтыгында кыргызстандык жаранга 5 миң рубль айып пул салынып, сунушталган акча каражаты конфискацияланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан