Тоноо кылмышына шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу 16-декабрда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, кылмыш 25-ноябрда Жал кичи районунда саат 5:30 чамасында болгон. Белгисиз эки эркек киши таяк менен Ж.С. аттуу жаранга кол салып, 26 миң өлчөмүндөгү телефонун тартып алышкан. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен каттоого алынган.
Иштин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган Ж.С. жана 2008-жылы туулган Ж.И. шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.