
Ошто 7 жылдан бери издөөдө жүргөн 36 жаштагы жаран Баткенден кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, шектүү Баткен шаарынан колго түшүрүлгөн. Ал 2018-жылдын 30-августунан бери издөөдө жүргөн. Натыйжада, Баткендин Кадамжай районунун тургуну Ош шаардык милициясына өткөрүлүп берилген.
Баткен облустук милициясы бирок ал кайсы кылмыш беренеси менен издөөгө алынганын тактаган жок.