
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагында жайгашкан жалпы 2,4 гектар жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратура билдиргендей, айыл чарба багытындагы жерлер жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өтүп кеткендиги аныкталган. Жер тилкелери жалпы 27 миллион 552 миң сом деп бааланган.