Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаттыгына №9 шайлоо округунан талапкер болгон Ыргал Кадыралиеванын арызын канааттандырган жок. Маалыматты бүгүн, 16-декабрда Жогорку Соттон ырастады.
Эске салсак, 12-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Кадыралиеванын БШКнын чечимине каршы жазган арызын канааттандыруудан баш тарткан.
8-декабрда БШК Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиеваны депутат катары таануу боюнча токтом долбоорун жактырган. Буга №9 округдагы 7 шайлоо тилкесинин жыйынтыктарынын жокко чыгарылышы себеп болгон.
Шайлоодо бул округдан гендердик квота боюнча алдыга Ыргал Кадыралиева чыккан болчу.
Айта кетсек, Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты.