Тышкы иштер министрлиги Мьянмадагы аскердик лагерде мыйзамсыз түрдө кармалып турган кыргызстандык өлкөгө кайтарылганын кабарлады.
Маалымдалгандай, ал эмгек миграциясына байланышкан шылуундук схемасынын курмандыгы болгон. Кыргызстандык жогорку маяналуу жумуш тууралуу жалган убадаларга алданган.
Министрлик быйыл Мьянмадан жалпы 12 кыргызстандык өлкөгө кайтарылганын кошумчалады.