Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны өтүп, БШК тарабынан жаңы эл өкүлдөрүнө депутаттык күбөлүк, төш белгилер тапшырылат.
Маалыматка ылайык, жыйынга 87 депутат катышат. БШК аларды депутат катары тааныган токтом долбоорун кабыл алган. Парламенттеги 90 орундун үчөөсүнүн бош калышына №13 округда шайлоо жыйынтыгынын жокко чыгарылганы себеп болду. Аталган округда кайра шайлоо болмокчу.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутат болуп шайланган 87 адамдын 49у VII чакырылышта, 4ү VI чакырылышта депутат болгондор.
Эске салсак, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү.