Ырчы Сайкал Садыбакасовага апасы, өлкөнүн Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова автоунаа белек кылды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, белекти туулган күнүндө, тагыраагы, 10-декабрда алган.
"Апам мага туулган күнүмдө автоунаа белек кылды. Апамдын мээрими, ак батасы, колдоосу - менин эң чоң байлыгым. Ал эми бул белеги - жөн гана унаа эмес, мен үчүн апамдын сүйүүсүнүн, камкордугунун дагы бир далили. Рахмат сизге, апа! Сиз менен бир күндө туулганым - тагдырдын эң сонун белеги деп санайм. Сиздин кызыңыз болгонума чексиз шүгүр кылам",- деп жазды Садыбакасова.