Кыргызстандык спортчу Айбийке Уланбек кызы Бразилияда өткөн IBSA Judo Grand Prix San Paulo-2025 эл аралык парадзюдо мелдешинде биринчи орунду ээледи.
Дзюдо федерациясынын маалыматына ылайык, ал 52 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, Тайвань, Мексика жана Швейцариянын спортчуларын жеңип, финалга чейин жетип, алтын медаль утту.