АКШ Африка менен Азиянын жети өлкөсүнүн жарандарын өлкөгө кирүүсүнө толугу менен тыюу салды. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин Ак үйдөн кабарлашкан.
Маалыматка ылайык, анализдердин негизинде Буркина-Фасо, Мали, Нигер, Түштүк Судан жана Сирия өлкөлөрүнүн кирүүсүнө чектөө коюлууда. Мындан тышкары, мурда жарым-жартылай чектөөлөр киргизилген Лаос менен Сьерра-Леоне өлкөлөрүнүн жарандарына толук тыюу салынган.
Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, чектөөлөр 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.