Биз социалдык тармакта

Жети-Өгүз районунда жабыркаган ак куу куткарылды (видео)

Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан айылында ак куунун баласы куткарылды. Бул тууралуу 16-декабрда Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Даркан айылынын тургуну Бактыбек уулу Бектемир көл жээгиндеги булактан ак куунун баласын таап алган. Ал өз убагында туристтик-экологиялык милиция кызматына кабар берип, канаттууну кызматкерлерге өткөрүп берген.

Кызматкерлер ак куунун баласын коргоо жана калыбына келтирүү максатында Каракол шаарындагы "Бугу-Эне" зоопаркына өткөрүп беришкен.

Ысык-Көл облустук милициясы жарандарды жапайы жаныбарларды коргоого жана табылган жабыркаган жандыктар тууралуу ыкчам кабар берүүгө чакырат.

Жети-Өгүздө районунда жабыркаган ак куу куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан