Кинорежиссёр, актёр Азамат Арыков Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу актёр өзү социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Азамат Арыков актёр, режиссёр катары бир нече тасмаларды тарткан. Акыркы тарткан киносу 2024-жылы жарык көргөн "Ниет" тасмасы. Мындан тышкары, "Аят", "Билерик", "Жашоо керемет", "Ысык-Көл беш бармагы" жана башка кинолордо роль жаратып, тартып келген.