Алматыдан Бангкокко уча турган учактын ичиндеги жүргүнчүлөр машташа кетишти. Окуянын видеосун Казак басылмалары жарыялашууда.
Андагы маалыматка ылайык, учакта эки эркек киши мушташа кетишип, учактан түшүрүлүп, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Учак аталган окуядан улам бир саатка кечигип учкан.
Ал эми полиция бөлүмү учактан төрт чет элдик жаран чыгарылганын алардын экөө мас абалда болгонун билдирген. Бул факт боюнча чет элдик жарандарга кылмыш иши козголгон.