Эртең, 18-декабрда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 ... +3, күндүз -1 ... +12;
- Талас жергесинде түнкүсүн -3 ... +2, күндүз -1 ... +4;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... +5, күндүз +4 ... +9;
- Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +2 ... +7;
- Нарын аймагында түнкүсүн -5 ... -10, күндүз -3 ... +2;
- Бишкек шаарында кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 ... -2, күндүз +7 ... +9.