Биз социалдык тармакта

Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон туу көтөрүлдү

Бүгүн, 17-декабрда Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон желек сап көтөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Иш-чарага президенттин аймактагы өкүлү Айбек Шаменов, шаар мэри Сейтек Кулубаев баштаган жетекчилер, шаар тургундары катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө мамлекеттик тууну көтөрүү - бул эгемендүүлүктүн, келечекке болгон ишенимдин белгиси жана бул иш-чара мекенге болгон сүйүүнү, жоопкерчиликти арттырарын айтты.

Маалыматка ылайык, 35 метрлик желек сап жана анын инфраструктурасы Баткен шаарындагы "Жаштык" жана "Жеңиш" эс алуу сейил бактарын реконструкциялоо долбоорунун негизинде АРИС уюму тарабынан ишке ашырылган "Баткен облусун аймактык экономикалык өнүктүрүү" программасынын негизинде каржыланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан