Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов парламенттин төрагалыгына кызыкпай турганын билдирди. Ал муну жумушунун көптүгү менен түшүндүрдү.
"Баарыбыз эле спикерликти, вице-спикерликти, комитеттердин төрагалыктарын талашып жүрө бере турган болсок, анда өлкөдө, көчөдө болуп жаткан жумуштарды ким аткарат?" - деди ал.
Ошондой эле Кокулов журналисттердин спикерди шайлоо процессине кызыккан суроолорун жоопсуз калтырып, ушактардан алыс экенин кошумчалады.