Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 шайлоо округунан талапкер болгон Элдар Абакировдун арызын канааттандырган жок.
Абакиров Facebook баракчасында кайрылуу жасап, тиешелүү документтерди тиркөө аркылуу Башкы прокуратура жана УКМКга кат жазарын билдирди. Ал укугун мыйзам чегинде коргоону улантарын кошумчалады.
Эске салсак, 12-декабрда Бишкектин административдик соту Абакировдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы жазган арызын канааттандырган эмес.