III Элдик курултайда делегаттар тарабынан Энергетика министрлигине жалпы 59 кайрылуу жолдонгон. Алардын 23ү 540-пункт, 36сы 713-пункт боюнча катталганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Кайрылуулар негизинен көмөк чордондорду куруу, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу, эски электр мамыларын алмаштыруу, газдаштыруу жана жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин камтыган.
Учурда 8 кайрылуу толугу менен аткарылып, 41и боюнча иштер уланууда. Ал эми 10 кайрылууну аткарууга мүмкүн эмес экени белгиленди.