Бүгүн, 18-декабрда түнкү саат 03:03тө Ала-Арча жаратылыш сейил багында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кашка-Суу айылынан 22 чакырым түштүк-батышты карай, Бишкек шаарынан 45 чакырым түштүк-батышты карай алыстыкта жайгашкан.
Ал эми өлкөнүн калктуу конуштарында жердин силкинүүсү байкалган эмес.