Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн жаңы унаалар сатып алынды

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары үчүн жаңы кызматтык унаалар сатып алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын биринчи жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө эл өкүлдөрүнө бардык керектүү шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

"Депутаттардын ишинин натыйжалуулугу үчүн парламенттин имаратын жаңылап, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик. Депутаттардын эски унааларын сатып, жаңыларын алып койдук. Эгер аймактардан келген, жашаганга турак жайы жок эл өкүлдөрү болсо, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батирлерди беребиз",- деди президент.

Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн жаңы кызматтык унаалар сатып алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан