Бишкекте 19-декабрдан тарта №195 каттамдын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет. Буга коомчулуктун кайрылуулары себеп болгонун калаа бийлиги билдирди. 
"Бул чечим айрым көчөлөрдө жашаган көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды. Алар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү негизги максат болуп саналат",- деп жазылат маалыматта.