Биз социалдык тармакта

Депутаттар тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарларын шайлашты

Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында комитет төрагаларынын орун басарларын шайлоо маселеси каралды.

Депутаттык топтор өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагаларынын орун басарлары болуп шайланышты:

- Гүлнара Акимбаева, Венера Салямова, Кубанычбек Самаков - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;

- Чолпон Эсенаманова, Жылдыз Садырбаева, Ырысбек Атажанов - Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;

- Азизбек Турсунбаев, Умбеталы Кыдыралиев, Алишер Козуев - Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;

- Гүлшаркан Култаева, Болот Сагынаев, Салтанат Аманова - Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;

- Таалайбек Масабиров, Бахридин Шабазов, Бакыт Чомоев - Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;

- Жумабек Салымбеков, Камила Талиева, Жаныбек Абиров - Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;

- Сүйүнбек Өмүрзаков, Улукбек Узакбаев, Алтынбек Кылычбаев - Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;

- Гүлкан Молдобекова, Гүлнара Баатырова, Карыбек уулу Улукбек - Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан