Биз социалдык тармакта

Бишкекте 200 миң сомдук идиш-аяк уурдоого шектелгендер кармалышты

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери автоунаадан уурулук кылууга шектелген эки жаранды кармашты. Бул тууралуу 18-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-октябрда Шопоков көчөсүндө болгон. Белгисиз адамдар Honda Fit унаасынан 200 миң сомдук идиш-аяктарды уурдап кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр 1995-жылы туулган Т. Т. жана 1997-жылы туулган Б. У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан