Биз социалдык тармакта

Жанар Акаев кесиптештерин сабырдуулукка чакырды

Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитет төрагаларынын орун басарларын шайлоодо депутат Жанар Акаев кесиптештерин сабырдуулукка чакырды.

"Биздин жумушка киришкенибизге 1 күн боло элек. Азыр бизди көрүп жаткан коомчулуктун "ушуларды орун талашыш үчүн шайладык беле?" деп көңүлү калбашы керек. Биз тоодой убадаларды берип келгенден кийин, тер төгүп иштешибиз керек",- деди ал.

Акаев ошондой эле талапкерлигин көрсөткөндөргө тоскоолдуктар болбостугун белгилеп, көрсөтүлгөн талапкерлер жакпаса каршы добуш берсе болорун эскертти.

Мунун алдында комитеттердин төрага орун басарларын шайлоо учурунда талаш-тартыштар жаралып, депутат Элвира Сурабалдиева менен спикер Нурланбек Тургунбек уулунун ортосунда кайым айтышуу орун алган.

Жанар Акаев кесиптештерин сабырдуулукка чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан