Биз социалдык тармакта

Жол тескөөчүлөргө жана туристтик милицияга жаңы кызматтык унаалар берилди

Бүгүн, 18-декабрда Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, ыкчам кызматтарга, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Туристтик милициясына жаңы кызматтык унааларды, карда жүрүүчү техниканы тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ошондой эле милиция кызматкерлери катышты.
Салтанаттуу аземдин алкагында JAC, Changan, Hyundai Staria, Toyota Hiace, Geely Atlas, Chevrolet Cobalt, Нива legend үлгүсүндөгү жалпы 50 жаңы кызматтык унаа, андан сырткары, 5 карда жүрүүчү техника тапшырылды. Бардык жаңы унаалар тиешелүү заманбап жабдуулар жана каражаттар менен толук камсыздалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан