Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде 2026-жылдан баштап айлык акылар эки баскыч менен көтөрүлөрүн билдирди.
Анын айтымында, биринчи этапта, тагыраагы, 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин маянасы 50 пайыздан кем эмес көтөрүлөт. Ал эми экинчи баскычта, тагыраагы, 1-сентябрдан баштап муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга чейин жогорулайт.
"Бул үчүн кийинки жылдын бюджетине кошумча 39 миллиард сом киргизилип жатат", - деди өкмөт башчы.