Биз социалдык тармакта

Бишкек мэри Элдик курултайдын делегаттары менен шаарды кыдырды (видео)

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев IV Элдик курултайдын делегаттары менен борбор калаадагы негизги инфраструктуралык объекттерди кыдырды. Калаа башчысы анда борбордогу транспорт, спорт, өнөр жай тармагындагы ишке ашкан ири долбоорлор тууралуу айтып берди.

"2024-жылдын III Элдик курултайында делегаттар тарабынан Бишкек шаарына тиешелүү калаа инфратүзүмүн жана тургундардын жашоо-шартын жакшыртуу боюнча жалпы 76 сунуш келип түшкөн. Анын негизинде шаардык мэрия 42 маселени чечип, 34үн аткаруу алкагында турабыз",- деди шаар мэри.

Бул жылы IV Элдик курултай 25-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Ага өлкөнүн ар бурчунан келген 700 делегат катышары күтүлүүдө.




Бишкек мэри
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан